Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

Мюнхенге акыркы эки күндө 13 миң качкын келди


Мигранттар
Мигранттар

Германиянын полициясы жекшемби күнү Мюнхендин Австрия аркылуу келип жаткан качкындарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгү калган жок деп билдирди.

Жекшемби күнү Бавариянын башкы темир бекетине 700 мигрант келди. Ал эми ишембиде 12200 адам келген болчу.

Ошондуктан атайын качкындарды ташыган үч поезд бүгүн качкындарды Германиянын башка райондоруна жеткирмекчи.

Ал эми жекшемби күнү Сербиядан Венгрияга 4 миң мигрант кирди. Будапешт качкындардын агымын токтотуу максатында Сербия менен чек арасына бийиктиги төрт метр дубал куруп жатат. Ошол эле кезде 15-сентябрдан тарта Венгрияда күчөтүлгөн жаңы миграциялык мыйзам иштей баштамакчы. Ага ылайык, чек араны мыйзамсыз кесип өткөн адам камакка алынат. Мындан тышкары, качкын макамын алууну каалагандар үчүн чечим чыгаруу жараянын тездетүү да каралууда.

Жыл башынан бери Евробиримдиктин аймагына Жакынкы Чыгыштан жана Африка өлкөлөрүнөн 400 миң адам качып келди.

XS
SM
MD
LG