Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:07

Молдовада нааразылык акциялары уланууда


Кишиневдогу нааразылык акциясы. 13-сентябрь, 2015-жыл

Кишиневдогу нааразылык акциясы. 13-сентябрь, 2015-жыл

Молдова борбору Кишиневдо президент Николай Тимофтинин кызматтан кетүүсүн жана мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылган митинг жекшембиде да уланды. Полициянын маалыматына караганда, “Ар-намыс жана чындык” кыймылы уюштурган митингге 15 миңдей адам катышууда. Ошол эле кезде ага келип жаткан кишилердин саны өсүп жатат.

Молдовадагы нааразылык акциялары өткөн жекшемби күнү башталган. “Ар-намыс жана чындык” кыймылы 6-сентябрдагы нааразылык акциясына 100 миңден ашык киши чыкканын айтса, милиция 40 миңдей адам чогулду деп маалымдаган. Андан бери Кишиневдун башкы аянтында күн сайын митинг өтүп жатат. Акциянын уюштуруучулары өкмөт үйүнүн алдына 300 чатыр тигип коюшкан.

Демонстранттар президенттин отставкасынан тышкары банктардан чыгарылып кеткен бир миллиард долларды кайтарууну, Башкы прокуратура, Улуттук банк, Жогорку Соттун жана Антикоррупциялык комиссиянын жетекчилеринин кызматтан чегинишин, мамлекеттик институттарды реформалоону жана сөз эркиндигин камсыздоону талап кылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG