Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:15

Германия Австрия менен чек арасындагы көзөмөлдү күчөтөт


Мамлекеттин ички иштер министри Томас де Майциердин айтуусунда, Германия өлкөгө агылып жаткан мигранттарга байланыштуу маселени жайгаруу максатында Австрия менен чек арада көзөмөлдү убактылуу күчөтөт. Бул кадам качкындардын агылуусун азайтарын белгилеген министр, көзөмөл кандай ыкмада жүргүзүлөрүн толук маалымдаган жок.

Ишемби жана жекшеби күндөрү Германияга 15 миңден ашуун качкын кирди. Өлкө бийлиги жыл аягына чейин 800 миң мигрантты кабыл аларын айткан. Экономика министри Зигмар Габриель ушуга жакын качкындар өлкөгө киргенин белгиледи. (SE)

XS
SM
MD
LG