Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:13

Орусиядагы шайлоодо мыйзам бузуулар арбын болду


13-сентябрда Орусияда жергиликтүү жана аймактык бийликтерге шайлоо өттү. Байкоочулар анда бир катар мыйзам бузуулар катталганын айтып чыгышты.

Добуш берүүгө 59 миллион адам – дээрлик мамлекет жарандарынын тең жарымы катышты. Алдын-ала маалыматтарга ылайык, Кремль колдоп жаткандардын жеңишке жетиши күтүлүүдө. Талапкерлер жергиликтүү кеңештердеги 90 миң депутаттык орунга жана аймактык бийликтеги 1300 кызматка ат салышты. Бийликтеги орундардын 21и губернатордун жана мэрдин креслосу.

Шайлоого байкоо салган орусиялык “Голос” уюму өнөктүк учурунда 1700дөн ашуун мыйзам бузуу катталганын, анын 800ү добуш берүү күнү болгонун билдирди. Эң көп мыйзам бузуулар Костромский облусунда байкалды. Бул жер оппозициядагы Демократиялык коалициянын мүчөлөрү да талапкер катары катталган жалгыз аймак болуп саналат. Башка облустарда оппозициядан келген талапкерлер түрдүү себептер менен каттоого алынган эмес.

Шайлоонун расмий жыйынтыгы бүгүн чыгат. (SE)

XS
SM
MD
LG