Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:05

Сузакта 2 жыл мурда өлтүрүлгөн наристенин сөөгү табылды


Сузактын тоолуу айылында эки жыл мурда зомбулуктун айынан өлгөн бир жарым жаштагы Раянанын өлүмүнө өгөй атасы шектүү катары кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2013-жылдын март айларында Раянаны 34 жаштагы өгөй атасы апасынын көзүнчө мештин оозуна башын салып, кызыган мештин үстүнө отургузуп коркуткан, зым менен сабап, өлтүрүп көөмп салышкан.

Наристе кордолуп өлтүрүлгөнүнөн шек алган айылдаштарынын катынын негизинде тергөө иштери жүргүзүлүп, 11-сентябрда анын сөөгү казылып алынып, соттук-медициналык кароодон өткөрүлдү. Наристе өлгөн соң жубайлар ажырашып кетишкен, кыздын апасы бул окуя тууралуу эч кимге айткан эмес. Учурда кылмышты жаап-жашырган эненин аракетине укуктук баа берилүүдө. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG