Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:11

Орусия кыргыз мигранттардын балдары үчүн мектептерди ачууга кызыкдар


Орусиянын шаарларындагы кыргызстандык мигранттар эне тилин окуусу үчүн жекшемби күнү атайын мектептерди ачуу маселесин кароого Москва даяр. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Алексей Мзареулов Кыргызстандын стратегиялык иликтөөлөр боюнча Улуттук институтунун жетекчиси Талант Султанов менен жолугушканда билдирди.

Аталган институттун басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришинче эки тараптуу жолугушуу орусиялык дипломаттардын демилгеси менен 11-сентябрда болду. Анда Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнө байланыштуу кыргыз-орус кызматташтыгын күчөтүү жөнүндө сөз болуп, Орусия гуманитардык тармакта кызматташууга даяр экени айтылды.

Элчинин кеңешчиси 2000-жылы Москва шаардык өкмөтүнүн чечими менен кыргызстандык мигранттар үчүн маданий борбор тургузууга атайын жер участогу бөлүнүп берилгенин эскерди. Анын айтуусунда, бирок беш жыл аралыгында ал жер иштетилбегенине байланыштуу Москва мэриясы чечимин кайра артка алган.

Расмий маалыматтар боюнча Орусияда 500 миңден ашуун кыргызстандык иштейт. Орусиядагы каржылык каатчылыктан улам акыркы убактарда мигранттардын мекенине кайтуусу көбөйгөнү тууралуу да маалыматтар бар. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG