Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:33

Азамат Алтай тирүү болсо 95 жашка чыкмак


Эл аралык “Азамат Алтай” фондунан “Азаттыкка” билдиришкендей, Азамат Алтайдын көзү тирүү болгондо 15-сентябрда 95 жашка толмок.

Бул күнү "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын кыргыз кызматынын негиздөөчүсү маркум Азамат Алтайдын өмүрү, эмгеги тууралуу фонд жетекчилери Бишкектеги жогорку окуу жайларда лекцияларды окушат.

Улуу Ата Мекендик согушта туткунга түшүп, Германияда жашап калган Азамат Алтай 1953-жылы Германиянын Мүнхен шаарында “Азаттык” үналгысынын кыргыз тилиндеги туңгуч берүүсүн обого алып чыккан.

Кийин ал АКШга кетип, чейрек кылым ашуун Нью-Йорктогу Колумбия университетинин илимий китепканасында түркология жана кыргыз таанууга арналган он миңдеген нускадан турган китеп корун түзгөн.

1960-жылы Азамат Алтай ысымын алган. 2006-жылы 23-майда 86 жашында рак оорусунан Нью-Йорк шаарында дүйнөдөн кайткан. (AzK)

XS
SM
MD
LG