Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

Казат Акматовдун үй-бүлөсүнө президенттик фонддон акча бөлүндү


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматовдун үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 100 000 сом жардам бөлүндү.

74 жаштагы жазуучу Казат Акматов бүгүн эртең менен дүйнө салды. Быйыл жазуучулар союзу Казат Акматовго “Кыргызстан баатыры” наамын тапшырууга сунуштама даярдап жатышкан эле.

Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматов 1941-жылы Ысык-Көлдөгү Бостери айылында туулган. Ал “Күндү айланган жылдар”, “Мезгил”, “Архат” сыяктуу романдары менен окурмандардын калың катмарына белгилүү. (AzK)

XS
SM
MD
LG