Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

"Керемет-Суудагы" окуя боюнча кармалгандардын бири камактан чыгарылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, аталган пансионатта адам өлтүрүүгө шектелип кармалган беш кишинин бири Жалил Ашыровду Ысык-Көл облустук соту айыбы жеңил болгондуктан 4-сентябрда эч жакка кетпөө кепилдиги менен камактан бошотту. Жалил Ашыровго Кылмыш кодексинин 234-беренеси боюнча (бейбаштык) айып коюлуп жатат.

13-августта Ысык-Көлдүн Чоң-Өрүктү айылында жергиликтүү тургун, 29 жаштагы Мырзажалил Тажиев менен “Керемет-Суу” эс алуу жайынын ээси Ишенбек Ашыровдун ортосунда чыр чыккан.

Ортодо мушташ чыгып, пансионат ээсинин жигиттеринин бири Тажиевди таш менен коюп жиберген. Ал ооруканада каза тапкан. Милиция Ишенбек Ашыровду, анын үч уулун жана инисинин баласын убактылуу кармоочу жайга камаган. Камактан бошотулган Жалил Ашыров - пансионат ээси Ишенбек Ашыров уулу.

Учурда адам өлтүрүүгө тиешеси бар делген дагы төрт киши изделип, азырынча табыла элек. (AzK)

XS
SM
MD
LG