Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:55

ЖККУга мүчө өлкө башчылары Дүйшөмбүгө чогулууда


Тажикстан -- Президент Эмомали Рахмон Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаевди тосуп алууда. Дүйшөмбү, 14-сентябрь, 2015.

Тажикстан -- Президент Эмомали Рахмон Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаевди тосуп алууда. Дүйшөмбү, 14-сентябрь, 2015.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген Армения, Беларус, Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Тажикстан президенттери Дүйшөмбү шаарына чогулуп жатышат. Эртең алар уюмдун кезектеги саммитине катышат, бүгүн болсо президенттер өз ара эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүдө. Кыргыз мамлекетинин башчысы Алмазбек Атамбаев Тажикстан жана Орусиянын президенттери менен жолугушары кабарланган.

Эртеңки саммиттин күн тартибинде он маселе бар, анын ичинде уюмдун ыкчам аракет кылуу күчүнүн жөндөмдүүлүгү да талкууланат. Дүйшөмбү саммитинде кийинки жылга төрагалык Арменияга өтөт.

Тажикстан саммитти утурлай баш калаасында коопсуздук чараларын күчөттү. Ага ушул ай башында Дүйшөмбү менен ага жакын Вахдат шаарындагы милиция бөлүмдөрүнө кол салуулар да себеп болгон. Бул чабуулдар үчүн айыпталган коргоо министринин мурдагы орун басары, генерал Абдухалим Назарзода менен анын шериктерин издөө операциясы уланууда. Ал баш калаадан 150 чакырымдай аралыктагы Рамит капчыгайына жашырынып алганы буга чейин кабарланган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG