Мындай бүтүмдү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти чыгарды. Аталган департамент Алмалык айлындагы 13-сентябрдагы жер көчкүдөн кийин аймакта тактоо иштерин жүргүзүп, дагы 10 үй-бүлөгө кооптуу жерден көчүп кетүү тууралуу корутунду берди. Мындан сырткары аймактагы 12 турак үй көзөмөлгө алынды.
13-сентябрда саат 21:00 чамасында Алмалык айылында 5 млн. кубметрлик жер көчкү түшкөн. Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча, жер көчкү түшкөн тилкеде 22 турак жай жайгашкан, бирок үйлөргө жеткен эмес. Көп өтпөй, ӨКМ куткаруучулары жер көчкү түшкөн жерден 17 үй-бүлөнү мал-жандыктары менен кошо коопсуз жерге көчүрүштү.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.(ZKo)