Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:14

Путиндин каршылаштары аймактык бийликке кире албады


Саясий репрессияларга каршы Москвадагы демонстрация. 12-июнь, 2013-жыл.

Саясий репрессияларга каршы Москвадагы демонстрация. 12-июнь, 2013-жыл.

Орусиядагы жергиликтүү шайлоонун жыйынтыктары аймактык парламенттер менен жергиликтүү кеңештерде бийликтеги партиянын үстөмдүгү сакталарын ырастады. Демократиялык оппозиция жалгыз облуста гана шайлоого катыштырылып, бирок ал жактан да сүрүлдү. Байкоочулар добуш берүүнүн жүрүшү жүздөгөн мыйзам бузуулар менен коштолгонун белгилешти.

Орусияда ушул жекшембиде жалпысынан 10 миңден ашуун жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү, анын ичинде 21 губернатор, 11 аймактык парламент, аймактык борбор макамындагы 25 шаардын кеңештери шайланды.

Мандат ээлери аныкталып жаткан жергиликтүү кеңештердеги депутаттык орундардын жалпы саны бул шайлоодо 90 миңден ашты, ал эми талапкер катары 187 миңден ашуун адам чыкты, бирок алардын жарымынан көбү бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынан болду. Шайлоо өткөн аймактарды добуш берүүгө укуктуу 59 миллион киши же Орусия калкынын жарымы жашайт. Парламенттеги партияларынын лидерлери жекшембидеги добуш берүүнү “атаандаштык негизде жана ачык” өттү деп баалашты.

Атүгүл “Бирдиктүү Орусия” партиясынын фракция башчысы Владимир Васильевдин ырастоосунда, бул шайлоодо “президент Путиндин саясий күчтөрдүн талаасын кеңейтүү жөнүндөгү тапшырмасы аткарылды. Ар кандай деңгээлдеги шайлоого 49 партиянын катышуусу шайлоодо атаандаштык талаасын жаратты”.

Бирок көз карандысыз “Голос” уюму өз билдирүүсүндө “быйылкы өнөктүк административдик технология колдонууну шайлоо күнүнөн анын алдына которуу тенденциясын бекемдеди, реалдуу саясий атаандаштык болгон жок, шайлоонун алдын ала аныкталган жыйынтыгы добуш берүү күнү жөн гана расмий легитимдешти”,-деп белгиледи.

“Голос” уюмунун эсебинде, ал бул жолку өнөктүктө 1700дөн ашуун мыйзам бузууну катташты, мунун 800дөн ашууну добуш берүү күнгө туш келди.

Уюмдун тең төрагасы Григорий Мельконянцтын айтымында, мыйзам бузуулардын саны мурдагыдан көбөйдү:

- Эң көп мыйзам бузуулар Кострома, Самара жана Нижегород облустарында катталды. Мыйзам бузуулардын картасына түшүп жаткан маалыматтардын саны 2013-2014-жылдардагы бирдиктүү шайлоо күнүндөгүдөн көптүк кылат. Менимче, жыйынтыгында бул сан эки эсеге көптүк кылат.

“Голос” уюмунун өкүлү айткан Кострома облусу орус оппозициясынын Демократиялык коалициясы шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн алган жалгыз аймак эле.

Коалициянын атынан шайлоого чыккан ПАРНАС партиясы Новосибирск, Калуга, Магадан облустарында шайлоого катышууга умтулуп, бирок талапкерлери каттала алган эмес.

Костромадагы добуш берүү. 13-сентябрь, 2015-жыл.

Костромадагы добуш берүү. 13-сентябрь, 2015-жыл.

Шайлоо бекеттеринде партия өзү өткөргөн сурамжылоонун жыйынтыгы ПАРНАС 6% добуш топтоп, Костроманын парламентине кирерин көргөзгөнү менен расмий эсепте ал 2% жетпеген добуш алды.

Оппозиция лидерлеринин бири, таанымал блогер Алексей Навальный мурдараак Кремль бул шайлоодо оппозицияны такыр жолотпоо стратегиясы менен иштеп жатканын белгилеген болчу:

- Менимче бул өнөктүктүн эң башкы саясий жыйынтыгы – биз Кремлди алар 2016-жылкы шайлоого даярдап жаткан стратегиясын ачыктоого мажбурладык. Ал стратегиянын маңызы жөнөкөй эле - эч кимди өткөрбөө.

Азыркы шайлоону Кремль да, алардын сынчылары да 2016-жылкы парламенттик шайлоого даярдык катары карашканы талашсыз. Анын үстүнө шайлоо мунай баасынын арзандашы, украин кризисинен улам Батыш киргизген санкциялар орус экономикасын алсыратып, калк рублдин куну качышынын кесепетин тартып жаткан кезде болду. Шайлоону утурлай Орусияда патриоттук жана анти-батышчыл маанай күчөтүлүп, Путиндин коомдогу рейтинги 86% чейин өстү.

Бирок, ага карабай демократиялык күчтөрдүн расмий саясий талаадан таптакыр сүрүлүп жатышын москвалык саясат таануучу Владимир Гельман “Азаттыктын” орус кызматы менен маегинде мындайча чечмеледи:

- Бийликтер албетте төрт жыл мурда Думага шайлоодогудай күтүүсүз нерселерден чоочуп жатат жана алар каалабаган жыйынтыктарды болтурбоого такай аракеттенүүдө. Орусияда акыркы жарым жылда нааразылык акциялары үчүн негиз көбөйдү. Анткени, экономикадагы акыбал начарлоодо. Албетте, оппозиционерлер да бул мүмкүнчүлүктү колдонууга умтулуп жатат. Бийликтин каршылаштарында жарандарды мобилизациялап, өзүнүн макул эместигин көргөзүүдөн башка жол жок. Бул нааразылык акциялар канчалык масштабдуу болорун азырынча айтуу кыйын. Нааразылык потенциалы Орусияда анчалык жогору эмес. Бирок жаткан таштын алдынан суу акпайт. Муну орус оппозиционерлери жакшы түшүнөт.

Орусияда 2011-жылкы парламенттик шайлоонун арты ири демонстрациялар менен коштолгон болчу. Орус оппозициясы эми жактоочуларын 20-сентябрга Москвага митинг чакырууда.

Уюштуруучулардын айтымында, анда оппозицияны шайлоого коё берүү, Укринанын чыгышындагы согушту токтотуу, цензураны жок кылуу, саясий айыпкерлерди абактан чыгаруу, коррупция менен күрөшүү өңдүү маселелер көтөрүлмөкчү.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG