Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:02

Партиялардын тизмесинен айрым талапкерлер чыгарылууда


Парламенттик шайлоого аттанган "Ар-Намыс" партиясы өз тизмесинен үч талапкерди чыгарат. Андан сырткары, "Азаттык" партиясы бир талапкерин тизмеден алып салуу өтүнүчү менен кайрылды. "Улуу Кыргызстандын" талапкери Зорбек Бийзаев тизмеден чыгууга өзү арыз жазганын "Азаттыкка" БШК мүчөсү Канат Азиз кабарлады.

Мыйзамда белгилендей, 1-октябрга чейин партиялар тизмени өзгөртө алат.

Буга чейин "Ата Мекен" менен КСДП да айрым талапкерлерин тизмеден чыгарган. Шайлоо өнөктүгү башталгандан бери партиялардын БШКга берген тизмесинен 82 талапкер чыгарылган. (JM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG