Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:34

Тажикстанда куралдуу топтун дагы үч мүчөсү кармалды


Тажикстан -- Рамит капчыгайындагы атайын операция, 7-сентябрь, 2015.

Тажикстан -- Рамит капчыгайындагы атайын операция, 7-сентябрь, 2015.

Баш калаа Дүйшөмбүдөн 150 чакырым аралыкта жайгашкан Рамит капчыгайындагы атайын операция учурунда бүгүн генерал Абдухалим Назарзода баштаган топтун дагы үч мүчөсү кармалганын "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлады. Кармалгандардан Калашников автоматтары, тапанча жана ок-дарылар алынды. Өлкөнүн күч түзүмдөрү капчыгайдагы издөө операциясы уланып жатканын билдирүүдө.

4-сентябрда Дүйшөмбү менен Вахдаттагы милиция бөлүмдөрүнө чабуул жасалып, милициянын 9 кызматкери мерт болгон, ондон ашууну жаракат алган. Тажик бийликтери бул чабуулдар үчүн коргоо министринин орун басары, генерал Абдухалим Назарзоданы айыптаган. Президент Рахмон аны ошол эле күнү иштен бошоткон. Рамит капчыгайына шериктери менен кошо из жашырып кеткен генералды издөө ошондон бери уланууда. Өткөн аптанын соңунда бул куралдуу топтун 22 мүчөсү жок кылынып, жүздөн ашууну колго түшкөнү кабарланган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG