Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:36

Пентагон: Орусия Сирияга база курат


Пентагондун билдирүүсүнө караганда, Орусия Сирияда авиабаза курушу мүмкүн. Буга жакында эле орус аскерий учактарынын Сирия аба мейкиндигинде аракеттенгени мисал боло алат. Америка аскерий мекемесинин башчысы Жеф Дэвис: “Биз ал жакта адамдардын жана айрым обьектилердин аракетин көрдүк. Мындан улам, алар Латакиянын түштүк тарабына база курууну мерчемдеп жатканы байкалат” деди.

“Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы” 13-сентябрда маалымдагандай, уюмдун байкоочулары Латакия облусундагы аэропортко орус аскерлери тарабынан авиабаза куруу иштери башталганын, алар чоң учактарды кабыл алууга ылайыкташкан учуу-конуу тилкелерин даярдап жатканын көрүшкөн.

Кремль Сирия президенти Башар Асадга колдоо көрсөтүү максатында орус аскерлерин жиберүү – терроризмге каршы эл аралык күрөштүн бир бөлүгү экенин айтууда.

13-сентябрда Орусиянын тышкы иштер министи Сергей Лавров Москва Сирияга колдоо көрсөтүүнү улантарын билдирген. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG