Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Мексика Мисирде набыт болгон туристтердин өлүмүн иликтөөнү талап кылууда


Мексика бийлиги Мисирге кайрылып, жаңылыш авиасоккудан мерт кеткен туристтердин өлүмүн тез аранын ичинде иликтөөнү талап кылып, нота жиберди. 13-сентябрь күнкү авиасоккудан улам эки мексикалык жаран каза таап, алтоо жараат алганы кабарланган. Мексика президенти Энрике Пена Ниетонун айтуусунда, жекшембидеги окуя өлкөнүн 14 жаранына залалын тийгизди.

Мисир бийлиги согушкерлерге каршы колдонууга мерчемделген жаңылыш авиасоккудан улам жалпысынан 12 адам өлгөнүн, 10 киши жараат алганын билдирди.

-Бул окуя бизди улут катары кабыргабызды кайыштырды,- деди Мексика лидери. Өлкөнүн Тышкы иштер министри Мисир бийлиги бул кырсык өкмөт башчы Ибрагим Махлаб башында турган комиссия тарабынан иликтенерин белгиледи. (SE)

XS
SM
MD
LG