Ички иштер министри Мелис Тургамбаев14-сентябрда аймактык укук коргоо орган жетекчиликтеринин жыйынында билдиргендей, шайлоо учурунда айрым талапкерлер добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этүү максатында жер-жерлерде баш аламандыкты уюштурушу мүмкүн. Министр шайлоодо абалды курчутууга аракеттенгендер катуу жазаланарын эскертти.
Мелис Тургамбаевдин ырасташынча, шайлоо күнү 2338 шайлоо участкаларында 9310 милиция кызматкери жана 9 миңден ашуун ыктыярчылар коомдук тартипке көз салышат. Ар бир шайлоо участкасына жооптуу кызматкер бекитилип, 7 кишиге чейин патрулдук топтор коюлат.
1-октябрдан 6-октябрга чейин укук коргоо органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн режимде иштейт.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. (AzK)