Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:07

КМШ байкоочулар тобу Кыргызстанга келишти


Шериктеш өлкөлөрдөн келген байкоочулар 14-сентябрдан тарта Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жүрүшүнө мониторинг жүргүзө башташты. Кечээ буга байланыштуу миссиянын атайын штабы ачылды.

Миссияны КМШ аткаруу комитетинин биринчи орун басары Владимир Гаркун жана КМШ аткаруу комитетинин кеңешчиси Олег Кулеба жетектейт. Штабда узак мөөнөттөгү 23 байкоочу бар. Алар шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүү менен бирге добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салуучу кыска мөөнөттөгү 130 байкоочунун келишине даярдык көрүшөт.

Узак мөөнөттөгү байкоочулар Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарын иликтеп, үгүт иштеринин жүрүшүнө жана шайлоо өнөктүгүнүн маалымат каражаттарында чагылдырылуусуна көз салышат. Штаб байкоочуларды Кыргызстандын булуң-бурчтарындагы шайлоо участокторуна бөлүштүрүү милдетин да мойнуна алган. Мындан тышкары КМШ байкоочулар миссиясы добуш берүүнү жыйынтыктоого жана протоколдорго участкалык комиссия мүчөлөрүнүн кол коюу жараянына көңүл бурмакчы.

Миссиянын Кыргызстандагы парламенттик шайлоо тууралуу корутундусу шайлоодон кийин 5-октябрда жарыяланат.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG