Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:35

Конституциялык палата: биометрика Конституцияга каршы келбейт


Жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо Конституцияга кайчы келерин аныктап берүүнү өтүнүп укук коргоочулар Токтайым Үмөталиева менен Нурбек Токтакунов Конституциялык палатага кайрылышкан. Конституциялык палата 14-сентябрдагы отурумунда жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо Конституцияга каршы келбейт деген чечим чыгарды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Конституциялык палатанын басма сөз катчысы Назгүл Нурбекова кабарлады.

Токтайым Үмөталиева менен Нурбек Токтакунов жарандарды биометрикалык каттоого алуу мыйзамсыз экенин белгилеп, Конституциялык палатага быйыл май айында кайрылышкан. Алар биометрикалык маалыматтарды сактоо системасы бекем эместигин белгилеп, аны таза шайлоо шылтоосу менен элге таңуулоо туура эместигин билдиришкен.

Расмий бийлик биометрикалык маалыматтарды чогултуу шайлоо тизмесин так түзүүгө жана акыйкат добуш берүүгө шарт түзөрүнө ишендирип келет.

Жарандардын биометрикалык маалыматтарын каттоо жараяны өткөн жылы сентябрь айынан тарта башталган.(JM;ZKo)

XS
SM
MD
LG