Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Укук коргоочулар Конституциялык палатанын чечимине нааразы


Бул тууралуу “Азаттыкка” укук коргоочу Токтайым Үмөталиева билдирди. Анын айтымында, Конституциялык палата аталган маселе боюнча эки ача чечим чыгарды. Ага ылайык, Конституциялык палата биометрика боюнча мыйзамдын максат-милдеттенмелери, маселелери даана жана түшүнүктүү жазылган эмес деп эсептеп, парламентти мыйзамды кайра карап, иреттеп, туура жазып чыгууга милдеттендирген. Ал эми укук коргоочулардын мыйзам Конституцияга дал келбейт деген дооматын четке каккан.

Токтайым Үмөталиева Конституциялык палатанын чечимин мыйзамсыз деп атап, эгер парламент мыйзамды кайра карап чыга турган болсо, анын түзүлүшү өзгөрүшү мүмкүндүгүн билдирүүдө.

Доо арыз жолдогон укук коргоочулар Токтайым Үмөталиева менен Нурбек Токтакунов жарандарды биометрикалык каттоого алуу мыйзамсыз экенин айтып, сотко быйыл май айында кайрылган. Алар биометрикалык маалыматтарды сактоо системасы коопсуз болбогонун, аны таза шайлоо шылтоосу менен элге таңуулоо туура эмес экенин билдирип келишет. (AzK)

XS
SM
MD
LG