Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Кыргызстанда балдардын 82% бала бакчага барбайт


Бул маалыматты 15-сентябрда билим берүү жана илим министри Элвира Сариева журналисттерге жарыя кылды. Министрдин айтуусунда, менчиктештирилип же башка мекемелерге өтүп кеткен мурдагы бала бакча имараттарынын 72% бала бакчаларга кайтарылды:

- Андан сырткары, бала бакчалардын саны көбөйтүү үчүн өкмөт жеке менчик бакчаларды каттоо жолун жеңилдетип, салыктан бошотту.

Министрлик балдарды мектепке даярдоо үчүн "Наристе" программасын ишке киргизип, 1-сентябрдан баштап республика боюнча бардык мектептерде даярдоочу класстар ачылды. Даярдоочу класстарга беш жарым жаштан жети жарым жашка чейинки балдар кабыл алынып, атайын иштелип чыккан 480 сааттык программа менен окуп жатышат.(JM;ZKo)

XS
SM
MD
LG