Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:55

Түндүк Корея өзөктүк реакторун кайра иштете баштады


Йонбен өзөктүк комплекси. 2008-жылы тартылган сүрөт.
Йонбен өзөктүк комплекси. 2008-жылы тартылган сүрөт.

Атомдук бомба үчүн зарыл отун өндүрүүчү өзөктүк реакторун “толук кубаттуулукта” иштете баштаганын Пхеньян бүгүн жарыялады.

Мамлекеттик медианын бүгүнкү кабарларында Йонбендеги атомдук комплекс жаңыланып, өзгөртүлүү менен кадимки калыбында иштей баштаганы айтылат.

Бул жарыядан бир күн алдыда Пхеньян ракета атууларды жасарын да эскерткен болчу. Маалыматка караганда, ракеталар келерки айда Компартиянын мааракесине тушташ учурулат.

Йонбен атомдук реактору 2007-жылы жабылган. Бирок Пхеньян 2013-жылдагы өзөктүк сыноодон кийин анын ишин кайра жандандырууну убада кылган. Реактордо өзөктүк бомба үчүн зарыл плутоний жана уран өндүрүүгө болот.

АКШ Түндүк Кореянын өзөктүк куралга жана баллистикалык ракеталарга умтулушун дүйнөнүн, анын ичинде Азиядагы өнөктөш мамлекеттер Жапония менен Түштүк Кореянын коопсуздугуна коркунуч катары кароодо.(UE)

XS
SM
MD
LG