Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Бүгүн Азамат Алтайдын туулган күнү


Эл аралык “Азамат Алтай” фондунан “Азаттыкка” билдиришкендей, Азамат Алтайдын көзү тирүү болгондо 15-сентябрда 95 жашка толмок.

"Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын кыргыз кызматынын негиздөөчүсү маркум Азамат Алтайдын өмүрү, эмгеги тууралуу фонд жетекчилери бүгүн 15-сентябрда Кыргыз улуттук, Бишкек гуманитардык жана кыргыз-түрк "Манас" университеттеринде лекцияларды окуп, жолугушууларды өткөрүп жатышат.

Ата Мекендик согушта туткунга түшүп, Германияда жашап калган Азамат Алтай 1953-жылы Германиянын Мүнхен шаарында “Азаттык” үналгысынын кыргыз тилиндеги туңгуч берүүсүн обого алып чыккан.

Кийин ал АКШга кетип, чейрек кылымдан ашуун Нью-Йорктогу Колумбия университетинин илимий китепканасында түркология жана кыргыз таанууга арналган он миңдеген нускадан турган китеп корун түзгөн.

1960-жылы Азамат Алтай ысымын алган. 2006-жылы 23-майда 86 жашында рак оорусунан Нью-Йорк шаарында дүйнөдөн кайткан. (AzK)

XS
SM
MD
LG