Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:37

Будулайдын ролун аткарган молдован актеру дүйнөдөн өттү


Михай Волонтир, 1985-жылы тартылган сүрөт.

Михай Волонтир, 1985-жылы тартылган сүрөт.

Молдованын совет доорундагы даңазалуу актеру Михай Волонтир кичи мекени Бельцы шаарындагы ооруканада 81 жаш курагында дүйнөдөн өттү.

Кезинде мурдагы эски совет аймагындагы миллиондогон адамдарга таанымал болгон актер акыркы жылдары рак жана диабет илдети менен күрөшүп жаткан.

2000-жылы молдован бийликтери аны Молдованын 20-кылымдагы эң улуу актеру деп жарыялашкан. Волонтир театрда 120дай, кинодо 30дай ролду аткарды.

Мурдагы СССрдин аймагына анын атагын 1980-жылдары “Цыган” жана “Будулайдын кайтуусу” телесериалдары чыгарган эле.

1988-жылы Михай Волонтирге “СССРдин Эл артисти” наамы ыйгарылган. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG