Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

Шайлоо учурунда прокуратура күнү-түнү иштейт


Бул тууралуу башкы прокурор Индира Жолдубаева бүгүн саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтуусунда, прокуратурага түшкөн ар бир арыз-дооматтар түшкөн убактысынан тарта каралат:

- Бирок арыз-дооматтар негиздүү болуусу керек. Административдик мыйзам бузуулар боюнча БШКда каралуучу протоколдор түзүлөт. Аймактарда атайын Башкы прокуратуранын штабдары түзүлүп иштейт. Жарандар арыздары менен түздөн-түз ошол штабдарга кайрылса болот.

Ушул тапта премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү, күч кызматтары парламенттик шайлоого катышуучу саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушууда. (AKu/ZKo)

XS
SM
MD
LG