Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:14

Сариев: Добуш бере албай калгандар үчүн Шаикова керт башы менен жооп берет


Өкмөт башчы шайлоочулардын тизмесин түзүүдөгү бардык жоопкерчилик Мамлекеттик каттоо кызматына жүктөлөрүн белгиледи:

-Эгер биометрикалык маалымат тапшырган шайлоочу добуш берерде өзүн тизмеден таппай, добуш бере албай калса, бул үчүн кылмыш жоопкерчилигине чейин жеке жоопкерчилик Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаиковага жүктөлөт.

Мындай пикирин Темир Сариев “Бир бол” саясий партиясынын төрагасы Алтынбек Сулаймановдун шайлоочулар добуш берүү тизмесинен өздөрүн таппай калып жатканы тууралуу суроосуна жооп берип жатып айтты.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда биометрикалык каттоодон өтүп, добуш берүүчү катары катталган жарандардын саны 2 млн. 619 миңден ашты.

БШК шайлоочулардын тизмесин толуктоо жараяны 19-сентябрда аяктарын билдирген.(AKu;ZKo)

XS
SM
MD
LG