Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:04

Кулов: Административдик басым жасалууда


Кайсы бир партияны колдойсуңар жана шайлайсыңар деген талап менен айрым аймактарда административдик ресурс жасалып жатканы тууралуу “Ар-намыс” партиясынын төрагасы Феликс Кулов бүгүн жолугушууда билдирди. Анын сөзү боюнча, кээ бир акимдер кол алдында иштегендерди коркутуп-үркүтүү менен кайсы бир партиянын пайдасына иштетип жатышат.

“Ата Мекен” партиясынын өкүлү Асия Сасыкбаева жер-жерлерде шайлоочуларды түрдүү жолдор менен сатып алуу аракеттери жүрүп жатканын белгилеп, ошол эле учурда биометрикалык маалымат тапшыргандардын кимге добуш бергенин билүүгө болот, деп айрым партиялардын өкүлдөрү коркутуп жатышканын да кошумчалады.

Сасыкбаева өкмөт башчыдан ТВ аркылуу элге шайлоонун жүрүшү тууралуу так маалыматтарды берүүсүн суранды.

КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков БШК добуш берүү күнү шайлоочуларга телефон колдонууга жана добуш бергенин сүрөткө тартууга тыюу салууга чакырды. (AKu/ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG