Улуттук банктын акча-насыя операциялары башкармалыгынын башчысы Раушан Сейткасымованын маалымдашынча, Орусиядагы мигранттардан келип жаткан акчанын көлөмү азайган жок:
- Рубль менен санаганда былтыркы көрсөткүчкө караганда 10% көп. Бирок долларга чага келгенде кыйла аз болуп жатат. Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында Орусиядагы мигранттардан 765 млн. доллар келди.
Улуттук банктын өкүлү Кыргызстанга мигранттардан келген акчанын 90% Орусиядан которуларын кошумчалады. Ал билдиргендей, рублдин куну түшүүсүнө мунайдын дүйнөлүк базарда арзандоосу себеп болууда. Жыл башында мунайдын 1 баррели 80-90 доллар болсо, азыр 45ке чейин ылдыйлады. "Бул деген өлкөгө келип жаткан кирешенин эки эсе азайды дегендикке жатат" деди Сейткасымова.
Бүгүнкү күнү Кыргызстанда 1 орус рубли 90 тыйындын айланасында сатылууда. (ZKo)