Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:12

Ошто 7200 жеткинчек бала бакча электрондук каттоосунда турат


Ош шаарында 7200 жеткинчек бала бакчага кирүү үчүн электрондук кезекке катталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” калаанын Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Куштарбек Кимсанов билдирди.

Анын айтуусунда, өткөн жылдан бери 10го жакын бала бакча курулганы менен кезекке тургандардын саны дагы эле өсүп жатат. Шаарга жумуш издеп келген ички мигранттар көбөйгөнү буга себеп болууда.

Учурда Ош шаарында мамлекеттик 30, жеке 8 бала бакча бар. Анда 15 миңдей жеткинчек тарбияланып жатат. Шаарда 2-6 жашка чейинки 39 миң бала бар. (YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG