Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:01

Коргоо министрлигинин кызматкерлерине байланышкан жаңжал иликтенүүдө


Коргоо министрлигинин эки өкүлү менен милиция кызматкерлеринин чыры жазылган тасма интернетке 15-сентябрда тарады. Анда министрликте иштеген эки жигит мас абалында милиционерлер менен жаңжалдашат. Аягында тартип сакчылары экөөнүн колун кайрып унаага салып кетишет.

Мекеменин басма сөз катчысы Азамат Дүйшөнбеков тасмадагы каармандар чын эле Коргоо министрлигинде эмгектенерин, окуя 12-сентябрда болгонун “Азаттыкка” билдирди:

-Азыр окуя иликтенип жатат. Кызматкерлерибиз жумуш убактысы бүткөндөн соң, жарандык кийимчен эс алышкан. Ичсе ичип койгондур, бирок эч кимге зыян келтиришкен эмес.

Учурда интернетке тараган бул бул тасма социалдык тармактарда кызуу талкууланууда. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG