Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:35

Ак үй алдында Абдылдаева ачкачылыкка отурат


Каракол шаарынын Бейше Жапаров көчөсүндө жашаган 60 жаштагы Замира Абдылдаева сот тармагын реформалоо, адилеттик орнотуу талабы менен бүгүн Ак үйдүн алдында балдары менен ачкачылык жарыяларын “Азаттыкка” кабарлады.

Ал Караколдо иштетип келген дарыканасын акчалуу кишилер өзүнүн макулдугу жок эле менчиктеп алганын айтууда. Өткөн жылдан бери соттошуп жүрүп, өз пайдасына чечим чыгартууга жетишкен айым эми облустук соттон утуп алганы тууралуу тастыктаманы ала албай жатканын билдирди.

Абдылдаева өткөн жылы да Бишкекте нааразылык акциясын өткөрүп, президенттик аппараттын соттук реформалар жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн адистерине жолуккан. Бийлик өкүлдөрү маселени карап чыгууга убада беришкен.

Бул боюнча Ысык-Көл облустук сотунун бөлүм башчысы Назгүл Ибраевага кайрылганыбызда, экспертизалык текшерүүлөрдөн улам иш создугуп жатканын айтты:

-Замира Абдылдаеванын өзүнүн арызы менен экспертизалык текшерүү дайындаганбыз. Бирок эксперттер аз, ошондуктан бул иш убагында чечилбей жатат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG