Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Казат Акматов Байтик көрүстөнүнө жерге берилет


Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн Бишкектеги Улуттук драма театрда болот. Маркумдун сөөгү башкалаа четиндеги Байтик айылындагы көрүстөнгө коюлат.

74 жаштагы жазуучу Казат Акматов 13-сентябрда дүйнө салды. Быйыл жазуучулар союзу ага “Кыргызстан баатыры” наамын тапшырууга сунуштама даярдап жаткан эле.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен жазуучунун үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 100 000 сом жардам бөлүндү.

Казат Акматов 1941-жылы Ысык-Көлдөгү Бостери айылында туулган. Ал “Күндү айланган жылдар”, “Мезгил”, “Архат” сыяктуу романдары менен окурмандарга белгилүү. (SE)

XS
SM
MD
LG