Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:39

Евробиримдик мигранттар боюнча атайын саммит чакырат


Австрияга жол тарткан мигранттар. 14-сентябрь, 2015-жыл.

Австрияга жол тарткан мигранттар. 14-сентябрь, 2015-жыл.

Саммит келерки аптада болорун немис канцлери Ангела Меркел бүгүн Берлинден жарыялады.

Меркелдин айтымында, саммитте Венгрия, Греция, Италияга келген качкындарды чукул жайгаштыруу планы каралышы керек. Немис канцлери белгилегендей, качкындар жүгүн Германия, Австрия, Швеция эле көтөрө албайт. Мунун алдында кечээ Евробиримдиктин ички иштер министрлери Италия, Греция, Венгрияга буга чейин кирген 120 миң качкынды уюмга мүчө өлкөлөрдө милдеттүү квотанын негизинде бөлүп жайгаштыруу маселесин макулдаша албай койду. Качкындардын милдетүү түрдө бөлүштүрүлүшүнө Чехия, Словакия, Венгрия каршы чыгууда.

Бул аралыкта Венгрия бүгүн чек арасынан мигранттарды кармай баштады. Венгер полициясы билдиргендей, түшкө чейин алар Сербия менен чек арадагы тосмодон мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген 60тай мигрантты кармашты.

Жакынкы Чыгыш, Азия, Африкадан келген мигранттар агымын токтотууну көздөгөн мындай чара Венгрияда бүгүнтөн тарта күчүнө кирген жаңы мыйзамдын талаптарына ылайык көрүлүүдө.

Ага ылайык, Сербия менен чек арадагы зым тосмону бузуп киргендер кылмыш жоопкерчилигине тартылып, түрмөгө камалат же депортацияланат. Ал эми кечээ эле серб-венгер чек арасынан бийликтер маалымдагандай, 9380 мигрант өткөн. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG