Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:48

Путин Орусиянын Сириядагы аракеттерин коргоду


Орус президенти бүгүн Душанбедеги саммитте сүйлөп жатып, Орусиянын Сирия өкмөтүнө аскерий жардам берип жатышын коргоду:

- Биз Сириянын өкмөтүн террордук агрессияга каршы турууда колдоп жатабыз. Ушуну айтып койгум келет. Аларга зарыл аскерий-техникалык жардамды көргөзүүдөбүз жана көргөзө беребиз. Эгер Орусия колдобосо, бул өлкөдөгү кырдаал Ливиядан да жаман болмок. Качкындар агымы азыркыдан да көбөймөк.

Путиндин пикиринде, “Ислам мамлекети” тобун Сириянын өкмөтү менен кызматташпастан туруп, жеңүү мүмкүн эмес.

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун бүгүнкү сөздөрүнө караганда, Сирия боюнча азыр Вашингтон менен Москва ортосунда сүйлөшүү өтө зарыл болуп турат.

Учурда Орусия Сирияда аскерий турумун чыңдап жатат деген маалыматтар тароодо.

АКШ армиясынын кечээги маалыматына караганда, Сириянын Латакия шаарынын жанындагы аракеттер Орусия ал жерде аба базасын курууну мерчемдегенин каңкуулоодо. (UE)

XS
SM
MD
LG