Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:31

Савченконун камактагы мөөнөтү жарым жылга узартылды


Надежда Савченко сот залында.

Надежда Савченко сот залында.

Орусия сотунун бүгүнкү чечимине ылайык, украиналык учкуч Надежда Савченко дагы алты ай тергөө абагында калат.

Камакта былтыр июндан бери олтурган Савченко эгер күнөлүү деп табылса, 25 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Орусиянын бийликтери Украинанын тик учак айдаган учкучун эки журналисттин өлүмүнө тиешеси бар деп айыптоодо.

Учкуч коюлган айыпты четке кагуу менен аны Украинанын чыгышынан орусиячыл жикчилер уурдап, Орусияга мыйзамсыз өткөрүп жибергенин айтып келет.

Камакта кармалышына нааразылык билдирип, Савченко буга чейин 80 күндөн ашык убакыт ачкачылык да жарыялаган.

Учкучтун иши боюнча эми негизги соттук угуулар 22-сентябрдан тарта Орусиянын Украинага чектеш Донецк шаардык сотунда улана турган болду. Буга чейин адвокаттар сотко жараянды Москвага которуу өтүнүчүн келтиришкен. Бирок, ал өтүнч канааттандырылган жок.

Сот адвокаттардын Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы – ПАСЕден Украинанын делегаты катары Савченконун дипломатиялык иммунитети бар-жогун суроо жөнүндөгү өтүнүчүн да четке какты. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG