Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:56

Ак үй Орусияны ИМ тобуна каршы коалицияга кошулууга чакырды


Вашингтон Москваны Сириянын аймагына аскерий авиабаза курбай, “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы уюшулган эл аралык коалициянын курамына кошулууга чакырды. Ак үйдүн расмий өкүлү Жош Эрнест 15-сентябрда билдиргендей, АКШ президенти Барак Обама Владимир Путин менен бул маселени талкуулаган жок, бирок орус бийлиги бирдиктүү аракетти колдосо, сүйлөшүүгө даяр.

Мурдараак орус президенти “Ислам мамлекети” тобун Сирия өкмөтү менен кызматташпай жеңүү мүмкүн эместигин айткан жана Москва Дамаскка аскерий колдоо көрсөтөрүн белгилеген.

Сириянын Латакия облусуна Орусия авиабаза куруп жатканы апта башында маалым болду.

Бирок америкалык аткаминерлер Сириядагы кризиске Орусиянын аскерий аралашуусу абалды ого бетер курчутушу мүмкүн экенинен кооптонуп атышат.

-Биз орус өкмөтүн “Ислам мамлекетине” каршы АКШ башында турган 60 мүчөсү бар коалицияда көрүүнү каалайбыз. Бул конструктивдүү аралашуу болот,- деди Жош Эрнест. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG