Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:52

Ошто 18 жаштагы кыз сексуалдык кулчулуктан куткарылды


Оштун Кара-Суу районунун 18 жаштагы тургуну Түркияга сексуалдык кулчулукка жөнөтүлүп жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" жергиликтүү милиция кабарлады.

Кызды “Анталия шаарында жумуш таап берем” деп, баргандан кийин сексуалдык кулчулукка сатып жиберүү максатын көздөгөн деген шек менен Ноокат районунда жашаган 26 жаштагы келин кармалды.

Милициянын маалыматына караганда, ал мектепти жаңыдан аяктаган кызды кылмыштуу шеригинин “Лексус” үлгүсүндөгү унаасы менен Ош эл аралык аэропортуна бараткан жолдо колго түшкөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө маалымдалгандай, кылмышка шектүү келин мурда да ушул сыяктуу ишке аралашкан. Ал жыл башында өзүнүн жердеши, 30 жаштагы келинди Түркиянын Анталия шаарындагы, учурда өздүгү такталып жаткан Айнура аттуу келинге 2000 АКШ долларына сатып жибергендиги аныкталды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан эки иш боюнча кылмыш иш козголуп, шектүү жана анын шериги убактылуу кармоочу жайга киргизилди. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG