Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:01

Бишкекте “Көңүл бургула, балдар!” автожүрүшү башталды


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдиришинче, бул иш-чаранын максаты балдар аралашкан жол кырсыктарын азайтуу, мектеп окуучуларынын жол эрежеси туурасындагы билимин арттыруу жана коомчулуктун, анын ичинде айдоочулардын балдар коопсуздугу маселесине көңүл бурдуруу болуп саналат. Автожүрүштүн катышуучулары мектептердин жанына келип, жол коопсуздугун сактоо тажрыйбасы менен бөлүшөт.

2009-2014-жылдар аралыгында Кыргызстандын аймагында балдардын катышуусунда 6888 жол кырсыгы катталып, 734 бала көз жумган.

Быйылкы жылдын жети ай аралыгында Кыргызстанда балдар катышкан кырсыктар 760ты түздү. Натыйжада 53 бала каза болуп, 850дөн ашууну жабыркаган.

Жабыркаган балдардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 5 пайызга өстү. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG