Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:38

Өзгөндө 28 миң шайлоочу өзүн тизмеден текшерди


Ош облусунун Өзгөн районунда «Өзүңдү тизмеден текшер» акциясынын алкагында 28 миң 582 адам шайлоочулардын тизмесинен өзүн өзү текшерди. Бийлик кабарлагандай, алардын баарынын биометрикалык маалыматтары туура болуп чыкты.

Акимиаттын өкүлү Эрмекбай Полотбеков “Азаттыкка” билдиргендей, бул райондогу жалпы шайлоочулардын 10% түзөт.

Өзгөндө жалпы 303 миң 111 шайлоочу болсо, аларга 97 шайлоо участкасы түзүлгөн.

Аталган акция 19-сентябрга чейин уланат. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG