Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:44

Президенттин Лейлектеги жолугушуусуна журналисттер киргизилген жок


"Азаттыктын" аймактагы кабарчысынын билдиришинче, президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Баткен облусуна иш сапар менен келип, ушул тапта Лейлек райондук администрациясында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айылдардан келгендер менен жолугууда. Бирок бул жолугушууга журналисттер киргизилген жок. Жергиликтүү бийлик алар президент жолугушуудан кийин бара турган Исфана шаарындагы таза суу менен камсыздоо резервуарынын ачылышына бара берүүсү керектигин айтууда.

Өлкө башчысы түштөн кийин Баткен жана Кадамжай райондорунун активдери менен жолугуп, 17-сентябрда милиция кызматкерлери үчүн курулган үйдүн ачылышына катышат. Ушул эле күнү Ошко жол тартат. (AzK\JsA)

XS
SM
MD
LG