Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Токтогулда сот пара менен кармалды


Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул райондук сотунун төрагасынын милдетин аткарып жаткан Т.С. жана анын жардамчысы 80 миң сом пара алып жаткан жерден 14-сентябрда кармалды. Алар жергиликтүү тургундун баласынын кылмыш ишин оңуна чечип берүүнү убада кылып 100 миң сом пара сураган. Учурда тергөө-иликтөө иштери жүрүүдө.

ИИМдин билдиришинче, ушул эле сот Ош облусуна караштуу Ноокат райондук соттун төрагасы болуп турган кезде 33 миң сом жана 100 доллар пара алып жаткан жерден кармалган. Анын эки жардамчысы жарандык ишти оңунан чечип берүүнү убада кылып 120 миң сом алганы аныкталган.

Кылмыш иши козголуп, сотту кылмыш жоопкерчилигине тартуу өтүнүчү менен зарыл материалдар Соттор кеңешине жөнөтүлгөн болчу. Соттор кеңеши бул сунушту канааттандырган эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG