Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:06

Ысык-Көлдө туристтик сезондо кырсыктардан 60 киши набыт болду


Ысык-Көл ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, быйылкы туристтик сезон маалында көлгө чөгүп, 34 киши мерт болгон. Алардын 2 казак жараны. Эс алуу учурунда облус боюнча 146 жол кырсыгы катталып, 26 киши мерт болсо, 289 киши жарат алган.

Былтыр сууга чөккөндөрдүн саны 22, жол кырсыгынан каза тапкандардын саны 35 кишини түзгөн.

1-июндан 31-августка чейин аймакта 450 кылмыш иши иликтенип, 359унун бети ачылган. Алардын ичинен чет элдик туристтерге карата 9 кылмыш катталган. Негизинен бул кылмыштар алардын мүлкүн уурдоого байланыштуу болгон.

Эс алуу маалында коомдук тартипке жана жол коопсуздугуна көз салуу максатында жалпы 100 видеокөзөмөл камерасы иштетилген. (AzK)

XS
SM
MD
LG