Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:35

Ниязов: ИМ тобу аймак үчүн кооптуу


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Мирослав Ниязов билдирди. Ал “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму аймак үчүн кооптуу экенин, ал тараптан келчү коркунучтарды четке какпаш керектигин айтты.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 15-сентябрда Дүйшөмбү шаарында өткөн саммитинде терроризм жана экстремизмге каршы күрөш, айрыкча “Ислам мамлекети” террордук тобунун мизин кайтаруунун жолдору талкууланган.

Ниязов Тажикстандын Рамит капчыгайындагы атайын операцияга токтолуп, анын Кыргызстанга таасири тийбей турганын белгиледи.

Душанбе жана Вахдат шаарларындагы 20дан ашуун адамдын өмүрүн алган куралдуу кол салууга тиешеси бар деп айыпталып жаткан мурдагы талаа командири, коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзода Рамит капчыгайына жашынганы айтылууда. Аны жана анын тобундагыларды кармоо үчүн 5-сентябрдан бери капчыгайда атайын операция өтүп жатат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG