Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:29

Атамбаев Лейлекте элди "Ислам мамлекети" тобуна алданбоого чакырды


Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев Баткенде Лейлек районунун тургундары менен жолугушкан учурда айтты. Мамлекет башчы элди Сирияга согушка үгүттөгөндөрдөн жана радикалдуу топтордон алыс болууга чакырды. Ошондой эле ал Исфана шаарын айланып өткөн жана Баткен менен Лейлек облустарын бириктирген Мадыген жолун, Ак тоок суу сактагычынын курулушун бүтүрүп берүүнү убада кылды.

Буга чейин президенттин Лейлектеги жолугушуусуна журналисттер киргизилбегени айтылган.

Мамлекет башчы Баткен облусуна бүгүн барды. Ал эки күн ичинде Баткен, Лейлек райондорунда эл менен жолугушуп, айрым социалдык мекемелердин ачылышына катышат. (JM/KE)

XS
SM
MD
LG