Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:24

Тажикстандагы атышууда “Альфанын” башчысы окко учту


"Альфанын" башчысы Рустам Амакиев.

"Альфанын" башчысы Рустам Амакиев.

Өкмөттүк күчтөр менен мурдагы коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзоданын айланасындагы адамдар ортосундагы атышууда “Альфа” атайын кызматынын командири Рустам Амакиев окко учту.

15-сентябрь кечинде Душанбенин чыгыш тарабындагы Ромит капчыгайында болгон бул кагылышууда спецназдын дагы бир аскери набыт кетип, Ички иштер министрлигинин эки кызматкери жарадар болду.

Бийликтин маалыматына ылайык, кагылышууда Абдухалим Назарзоданын 20 тарапкери жок кылынып, 100гө жакыны кармалды.

Душанбе Назарзоданы жана анын жан-жөкөрлөрүн милициянын бекетине кол салган жана аэропорттун жанында чабуул жасаган деп айыптап келет. Өткөн жумада болгон бул окуяда 26 адам мерт кеткен, алардын 17си согушкерлер.

Ал арада 15-сентябрда өткөн ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Орусиянын президенти Владимир Путин Душанбе өлкөдөгү стабилдүүлүктү камсыздоо үчүн Москванын жардамына жана колдоосуна таяна берсе болоорун айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG