Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:38

"Адис" ансамбли Бүткүл дүйнөлүк фольклордук фестивалга катышат


Бишкектин №4 искусства мектебинин "Адис" ансамбли 2016-жылы Мексикада өтө турган Бүткүл дүйнөлүк фольклордук фестивалга катышууга жолдомо алды. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган мектептин директору Татьяна Масиевская билдирди. Анын айтымында, "Адис" Румыния, Венгрия жана Сербияда өткөн Эл аралык музыкалык форумдарга катышып, 150 өлкөнүн ичинен тандалып алынган топтордун катарына кирди.

“Биздин топ 11 хореграфиялык номур даярдаганбыз. Ага “Шериктеш”, “Акыя”, “Ала-Арча”, “Ысык-Көл”, “Кара-Жорго” бийи кирди. Балдар жандуу үн менен “Эсимде” ырын аткарды. Көрүүчүлөр көшөгө артына келип, биздин кийимдерге жана аспаптарга кызыгып жатышты,”- деди директор.

Келерки жылы июнь айында өтө турган Мексикадагы фестивалга Борбор Азиядан бир гана Кыргызстан барат. Бүткүл дүйнөлүк улуттук өнөр фестивалы төрт жылда бир жолу өтөт. Ага Кыргызстан биринчи жолу катышып жатат. (JM)

XS
SM
MD
LG