Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:05

Фейсбук соцтармагында “жакпайт” белгиси чыгат


Фейсбук социалдык тармагындагы "жакты" белгиси

Фейсбук социалдык тармагындагы "жакты" белгиси

Бул тууралуу компаниянын негиздөөчүсү Марк Цукерберг 15-сентябрда Калифорниядагы баш кеңсесинде өткөргөн маалымат жыйында жарыялады. Анын айтуусунда, компания көптөгөн колдонуучулардын суранычы менен ушундай чечимге келди. Учурда “Фейсбуктун” кызматкерлери жаңы функциянын үстүндө иштеп жатышат.

Цукерберг бул белги "коюлган постко карата каршылык билдирүү эмес, тескерисинче көңүл айтуу же кейигендикти билдирет" деп айтты.

Жаңы опция качан пайда болорун компаниянын башчысы айткан жок.

“Жакты” белгиси 2009-жылы пайда болгон. 2014-жылдын декабрында Цукерберг социалдык тармак “жакпайт” деген белги киргизбестигин билдирген. Ал “жактырбоо саясаты” тармакка пайда алып келбестигин ырастаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG