Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

Ысык-Көл КМШдагы өтүмдүү беш курорттук аймактын башында турат


Travel.ru туристтик сервиси жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгында Ысык-Көл КМШ өлкөлөрүндөгү өтүмдүү курорттук беш аймактын биринчиси экендиги аныкталды. Ысык-Көлдөн кийинки орундарда Казакстандагы Боровое курорту, Азербайджандын Каспий деңиз жээгиндеги Худат курорту, Армениядагы Севан көлү жана Белорусиядагы Нарочь көлү турат.

Аталган рейтинг КМШ мамлекеттеринде өз алдынча саякаттаган орусиялык туристтер тарабынан аныкталган, алар койгон орундардын негизинде түзүлгөн.

Адистер Ысык-Көл туристтерди таза суусу, тоонун таза абасы, экскурсиялардын көптүгү, улуттук ашканасы жана өтө кымбат эмес баасы менен тартарын белгилешет.

Кыргызстандын туризм департаментинин маалыматында, өткөн 2014-жылы Кыргызстанга 4 миллион турист келген. Алардын 175 миңи алыскы өлкөлөрдүн жарандары.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG