Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

Бишкектеги стадионго жыйын зал курулууда


Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо маалымат жыйындарына пресс-конференция залы курулууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат катчысы Нурдин Султамбаев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтуусунда, аталган жай стадиондун экинчи ярусунда жайгашып, керектүү жабдуулар менен камсыздалат. Бул залды маалымат жыйынынан сырткары спорт өкүлдөрү үчүн жыйындар залы катары да пайдаланууга болот.

Жаңы зал быйыл 8-октябрда өтчү Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курамаларынын беттешине чейин курулуп бүтөрү пландалууда.

Учурда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2018-жылы боло турган футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун тандоо оюндарына даярдык көрүү үчүн курулуш иштери жүрүүдө.

Оңдоо иштерин Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги жана Кыргызстандын футбол федерациясы биргеликте аткарууда. Ага өкмөт 8 миллион сом бөлгөн. (ECh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG