Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:27

ЛДПР фракциясы Мамдуманын жыйынынан чыгып кетти


ЛДПР фракциясынын лидери Владимир Жириновский
ЛДПР фракциясынын лидери Владимир Жириновский

ЛДПР фракциясынын толук курамы лидеры Владимир Жириновский баш болуп Мамлекеттик Думанын жыйынынан чыгып кетти. Алар муну менен “Бирдиктүү Орусия” фракциясынын мүчөсү Ирина Роднинадан кечирим суроодон баш тартышты.

Жыйындын башталышында сүйлөп жатып, ЛДПРдин лидери Владимир Жириновский Амур облустунда өткөн шайлоонун жыйынтыгын кескин сынга алып, анын партиясынын өкүлү Иван Абрамов жеңишке жетпей калганына нааразылыгын билдирген. Буга жооп катары залдан айтылган сындарга Жириновский орой жооп берип, Роднинага да катуу айткан.

Думанын төмөнкү палатасынын башчысы Жириновскийди Роднинадан кечирим суроого чакырган.

Шаршембиде Амур облусунун шайлоо комиссиясы аймактын губернаторун шайлоонун жыйынтыгы менен тааныштырды. Анда “Бирдиктүү Орусия” партиясынан талапкер Александр Козлов жеңгени маалым болду. Владимир Жириновский жана Коммунисттер партиясынын төрагасы Геннадий Зюганов добуштарды кайра санап чыгууну сунушташты.

Акыркы жолу мындай окуя 2011-жылы болгон. 14-октябрда ЛДПР, “Адилетүү Орусия” жана Коммунистер фракциясы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылыгын билдирип, залдан чыгып кетишкен. Анда бул үч фракциянын депутаттары “Бирдиктүү Орусия” алдамчылык менен шайлоочулардын добушун алды” деп билдиришкен.

XS
SM
MD
LG